• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Ош шаарынын четиндеги айылдын 4 көчөсүнө алгачкы жолу таза суу жеткирилди

Аймак 0

Бишкек, 22.10.19. /Кабар/. Ош шаарына караган Төлөйкөн айылынын 4 көчөсүнө алгачкы жолу таза суу жеткирилди. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Аталган айылды таза суу менен камсыздоо максатында насостук станция менен эки суу кампасы курулган. Суу кампасына 200дөн 400 м3 суу батат. Курулуш иштери менен шаар мэри Таалайбек Сарыбашов таанышып, курулуш иштери сапаттуу жүрбөгөндүгүн сынга алды. Калаа башчысы кетирилген кемчиликтерди жоюу боюнча шаардык муниципалдык турак-жай коммуналдык башкармалыгы менен капиталдык курулуш башкармалыгынын жетекчилерине тапшырма берди.

Мындан тышкары суу жетпеген башка көчөлөрдү да кийинки жылдан баштап суу менен камсыздоо аракеттери көрүлөөрүн билдирди.

Таза суу менен камсыздалган Төлөйкөн айылынын Ж. Мамытов, Базарбаева, Ражапов жана Мадумарова көчөлөрүнө атайын суу чорголору орнотулган. Курулуш иштери жергиликтүү бюджеттин эсебинен каржылаган.

Пикир

Оставить комментарий