• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Ош шаарынын чыга беришине айланма жол салуу пландаштырылууда

Президент 0

Бишкек, 10.09.20. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 10-сентябрда, Ош облусуна болгон иш сапарынын алкагында Бишкек-Ош жолунун бир бөлүгүн реконструкциялоо долбоору менен таанышты. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү кабарлайт.

Транспорт жана жолдор министри Жанат Бейшеновдун маалыматы боюнча, аталган трассада автотыгынды азайтуу максатында Ош шаарынын чыга беришине айланма жол салуу пландаштырылып жатат.

Ош шаарына түз кирүүчү жол куруу боюнча иликтөөлөрдүн негизинде адистер тарабынан эки алгылыктуу вариант иштелип чыккан, алар Кыргыз Республикасынын экономика министрлигинин кароосуна жиберилген.

Президент Сооронбай Жээнбеков өлкөнүн негизги транспорттук артериясынын бири болгон Бишкек-Ош автожолунун стратегиялык маанисин белгиледи.

Мамлекет башчысы аталган долбоорду ишке ашыруу автоунаа тыгынын азайтып, жарандардын Ош шаарына кирип-чыгуусун жеңилдетүүгө өбөлгө түзөрүн канааттануу менен белгиледи.

Тиешелүү мамлекеттик органдарга аталган долбоорду кароону ыкчамдатууга жана жакынкы мезгилде курулуш иштерин баштоого сунуштама берилди.

Пикир

Оставить комментарий