• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Ош шаарынын депутаттары 2018-жылдын жергиликтүү бюджетин кабыл алышты

Аймак 0

Бишкек, 13.03.18. /Кабар/. Бүгүн, 13-мартта Ош шаардык Кеңешинин кезектеги XII сессиясы болуп, анда депутаттар Ош шаарынын бюджетин бекитти. Ага Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев, шаардык кеңештин төрагасы Жапарбек Ормонов, жергиликтүү кеңештин депутаттары жана бардык мекеме-ишканалардын жетекчилери катышты.

Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, сессиянын күн тартибине 11 маселе коюлуп, кеңири талкууланды.

Алгач Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев 2017-жылдын жыйынтыгы менен Ош шаарынын социалдык-экономикалык көрсөткүчтөрүнүн жана жергиликтүү бюджеттин аткарылышы боюнча маалымат берип, Ош шаары өнүгүү жолунда бара жаткандыгын билдирди.

Андан соң, 2018-жылга бюджеттин божомолун бекитүү жөнүндө биринчи вице-мэр Замирбек Аскаров маалымат берди.

Ош шаарынын жергиликтүү бюджетинин 2018-жылга долбоору Кыргыз Республикасынын Бюджеттик жана Салык кодекстеринин, «Ош шаарынын статусу жөнүндөгү», «Кыргыз Республикасынын 2018-жылга республикалык бюджети жана 2019-2020-жылдарга болжолу жөнүндөгү» мыйзамдарынын, ошондой эле 2017-жылга жергиликтүү бюджеттин аткарылышынын негизинде түзүлдү.

Жалпысынан 940 млн сомдук бюджет бекитилип, токтом кабыл алынды. Мындан тышкары биринчи вице-мэр З.Аскаров республикалык бюджеттен дагы акча каражаты бөлүнсө эң керектүү болгон мекеме-ишканага бөлүнө тургандыгын кошумчалады.

Пикир

Оставить комментарий