• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Ош шаарынын дзюдоисттери эл аралык мелдештерде байгелүү орундарды багындырышты

Спорт 0

Бишкек, 4-апрель /Кабар/. Россиянын Тула шаарында 1-2-апрель күндөрү дзюдо боюнча жаштар арасында өткөн Европанын кубогунда Ош шаарынын спортчусу Айбек уулу Кубаныч 3-орунду багындырды. Аталган мелдешке 20дан ашуун өлкөнүн спортчулары катышкан. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Ал эми, дзюдо боюнча жаштар арасында өткөн Казакстандын ачык республикалык турнирде Бексултан Султанов 3-орунду ээледи. Бул мелдеш 27-30-мартта Казакстандын Талдыкорган шаарында «Нооруз» майрамынын урматына уюштурулган.

Пикир

Оставить комментарий