• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Ош шаарынын эки кичи районуна кошумча күндүзгү стационарлар ачылды

Аймак 0

Бишкек, 24.07.20. /Кабар/. Ош шаарынын эки кичи районуна кошумча күндүзгү стационарлар ачылды. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, алардын бири Ош шаарынын Южный кичи районундагы медреседе жайгашкан, мында 40 орун даярдалган. Экинчиси Ак-Тилек кичи районундагы №52 мектептин спорт залында, бул жерде болсо 40 орун бар.

"Стационарга түзүлгөн шарт менен шаар мэри Таалайбек Сарыбашов таанышып, медицина кызматкерлери менен жолугушту. Күндүзгү стационарлар бүгүн, 24-июлдан тарта ишин баштайт. Стационарларга коронавируска каршы күрөшүү боюнча ачылган атайын эсепке түшкөн каражатка керебеттер алынган", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий