• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Ош шаарынын эки кичи районунда балдар аянтчалары курулууда

Аймак 0

Бишкек 13.07.22. /Кабар/. Курманжан-Датка МАБынын Абакир уулу Төрөбек көчөсүндө жана Керме-Тоо МАБынын Анар кичи районунда балдар аянтчалары курулуп жатат. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, аянтчаларда балдар үчүн селкинчектер, турниктер, отургучтар орнотулуп, бардык керектүү шарттар түзүлүүдө. Обьектилерди ушул айдын аягына чейин пайдаланууга берүү пландаштырылган.

Пикир

Оставить комментарий