• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Ош шаарынын эли таза суу менен камсыз болот. 250 млн сомго тендер жарыяланды

Коом 0

Бишкек, 10.08.22. /Кабар/. Ош шаарынын элин таза суу менен камсыздоо долбоорун ишке ашыруу үчүн жалпы суммасы 250 млн сомдук объектилерди курууга тендер жарыяланды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, мэр Алмаз Мамбетов “Ош шаарын суу менен камсыздоону жакшыртуу” программасынын алкагында Ош шаарынын суу алуучу курулмасын жана суу тосмосуна суу түтүгүн курууга тендер жарыяланганын билдирди. Бул долбоордун негизги максаты - нөшөрлөп жааган жамгыр жана суу ташкын мезгилинде калаа тургундарын үзгүлтүксүз таза суу менен камсыз кылуу.

“Бул жерде иш 2 этапка бөлүнгөнүн белгилей кетүү керек. Тендерде баарынан да курулуш компаниялардын техникалык базасынын күчтүүлүгүнө жана тажрыйбасына көңүл бурушат. Экинчи этап - иштин баасы. Катышуучуларды калыс жана объективдүү тандоогө тыкыр көзөмөл болот. Биздин максат – жарандарды таза суу менен камсыздоо маселесин чечүү”, - деп баса белгиледи мэр.

Белгилей кетсек, Ош шаарынын плотинасына чейин сел каналдары бар, алар аркылуу Ак-Буура дарыясы жаан-чачындуу мезгилде булганат. Бул долбоордун алкагында диаметри 1000 мм болгон 2,4 км суу линиясын тартуу пландалууда.

Иштин бул түрлөрү үчүн АӨБ долбоорунун алкагында бөлүнгөн 250 млн сом каралган. Курулуш мөөнөтү 2 жыл.

Аталган долбоор боюнча иш 2016-жылы башталган, бирок быйыл жүзөгө ашыруу боюнча активдүү иштер жүрүүдө. Долбоор ишке ашкандан кийин нөшөрлөп жааган жамгыр жана суу ташкын мезгилинде жарандарды ичүүчү таза суу менен камсыздоо маселеси 70-80%га чечилээри күтүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий