• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Ош шаарынын имамдары үчүн атайын түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү

Аймак 0

Бишкек, 06.06.20. /Кабар/. Ош шаарынын имамдары үчүн атайын түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү, - деп билдирет Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 6-июнь күнү Ош шаарындагы жалпы имамдар үчүн борбордук "Имам аль-Бухарий-Алай" мечитинде жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн катышуусунда түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн.

Жыйынга Ош шаарынын вице-мэри Нурбек Кадыров, ДИМК ТАБнын башчысы Исакбай Мурзабеков, укук коргоо органдары менен санитардык эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун өкүлдөрү катышты.

Эске сала кетсек, 2020-жылдын 8-июнунан тарта Кыргызстанда диний мекемелерге - мечиттерге, чиркөөлөргө жана намазканаларга барууга коюлган чектөөлөр алынып салынат.

Пикир

Оставить комментарий