• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Ош шаарынын ири базарлары дезинфекцияланды

Аймак 0

Бишкек, 23.07.20. /Кабар/. Ош шаарынын ири базарлары дезинфекцияланды, - деп билдирет Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 23-июль күнү министрликтин Ош шаардык башкармалыгы тарабынан шаарда жайгашкан 30 кичи дүкөн, 6 чач тарачкана, 14 навайкана, 8 май алмаштыруучу жай, 7 банк дезинфекцияланган.

Ошондой эле Бостон, Келечек, Борбордук базарлары, Кудайберди унаа тетик базары, Тешик-Таш мөмө-жемиш базары жана Ош шаарындагы Ички иштер министрлигинин Сулайман-Тоо милиция бөлүмүнүн имараты залалсыздандырылды.

Дезинфекциялоо иштерине өлкөнүн бардык аймактарында жүрүгүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий