• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Ош шаарынын ири базарлары залалсыздандырылды

Аймак 0

Бишкек, 22.06.20. /Кабар/. Коронавирус илдетинин жайылып кетүү коркунучун алдын алуу максатында Ош шаарынын аймактары дезинфекцияланууда. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, КР ӨКМнин Ош шаардык башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан бүгүн, 22-июнда шаардагы ири делген Борбордук базар, Келечек жана Тешик-Таш базарлары толук залалсыздандырылды.

Эскерте кетсек, залалсздандыруу республиканын бардык аймагында жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий