• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Ош шаарынын күнү “Баарына бир дүйнө” аттуу кайрымдуулук-маданий акциясы менен башталды

Аймак 0

Ош шаарынын күнү “Баарына бир дүйнө” аттуу кайрымдуулук-маданий акциясы менен башталды

Бишкек, 04.10.17. /Кабар/. Бүгүн, 4-октябрда Ош шаарынын күнүнө арналган иш-чаралар калктын аялуу катмарына арналган “Баарына бир дүйнө” аттуу кайрымдуулук-маданий акциясы менен башталды. Бул тууралуу Ош мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, иш-чарага Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев баш болгон бийлик өкүлдөрү катышкан.

Ош шаарынын жаштар иштери боюнча комитети тарабынан уюштурулган иш-чарага алтымыштан ашуун мүмкүнчүлүгү чектелген жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдары чакырылган. Шаар башчысы Айтмамат Кадырбаев жеткинчектерге бактылуу балалык, кең келечек каалап, Ош шаарынын күнүнө карата баалуу белектерди, таттууларды тапшырды.

““Баарына бир дүйнө” аттуу кайрымдуулук-маданий акциясынын алкагында балдарга кечке чейин жаштар комитети тарабынан даярдалган оюн-зоок программалар тартууланат.

Ош шаарынын күнүнө арналган “Сулайман-Тоо - тынчтыктын жана ынтымактын символу” аттуу майрамдык маданий-массалык иш-чаралардын алкагында “Атам, апам жана мен - ынтымактуу үй-бүлө” аттуу музыкалык-спорттук мелдеш, орто мектептеринин арасында “Баарыбыз бирге” аттуу өздүк көркөм чыгармачылык конкурсу орун алды. Жеңүүчүлөргө акчалай сыйлыктар, баалуу белектер тапшырылды”,-деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий