• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Ош шаарынын күнүнө бир катар маданий массалык иш-чаралар өтөт

Аймак 0

Бишкек, 02.10.19. /Кабар/. Ош шаарында 5-октябрь - шаар күнү жогорку деңгээлде өткөрүү үчүн кызуу даярдыктар жүрүп жатат, - деп билдирет мэриянын басма сөз кызматы. Түштүк бобордун 3019 жылдыгын майрамдоонун алкагында “Гүл фестивалы” жарманкеси, “Ош – түрк дүйнөсүнүн маданий борбору” аттуу кароо-сынагы, “Боорсок" фестивалы, “Күз берекеси” аттуу айыл-чарба жарманкеси, Салбуурун элдик оюндары жана бир катар улуттук спорттун түрлөрү боюнча мелдештер өтөт.

Ал эми, кечкисин А.Суюмбаев атындагы борбордук стадиондо белгилүү эстрада ырчылары, бийчилери жана фольклордук топтордун катышуусунда гала концерт болот.

Ошондой эле, Ош шаарынын тарыхын чагылдырган театралдык көрүнүштөр көрсөтүлүп, жаштар үчүн бий кечеси уюштурулат.

Пикир

Оставить комментарий