• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Ош шаарынын күнүнө карата волейбол боюнча мелдеш өтөт

Аймак 0

Бишкек, 03.10.18. /Кабар/. 5-октябрь Ош шаарынын күнүнө карата 4-5-октябрь күндөрү эркектер арасында волейбол боюнча ачык турнир өтөт. Ага түштүк аймагындагы курама командалар катышат, - деп билдирет Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы.

Билдирүүгө ылайык, турнирдин максаты волейбол боюнча командалар арасында ынтымакты, биримдикти, достукту жайылтуу жана элдин маанайын спорт оюндары аркылуу көтөрүү болуп эсептелет.

Мелдештин тайпалык оюндары 4-октябрда Түштүк регионалдык жаштар жана өспүрүмдөр спорт мектебинде саат 9:00дө башталат.

Ал эми жарым финалдык жана финалдык оюндар 5-октябрь күнү “Газпром” спорт комплексинде өтөт.

Жеңүүчүлөргө дипломдор, кубоктор, медалдар жана акчалай сыйлыктар тапшырылат.

Пикир

Оставить комментарий