• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Ош шаарынын көпчүлүк тургундары Барсбектин эстелигин жылдырууга каршы

Аймак 0

Ош, 26-июль /Ерлан Тургунбаев – Кабар/. Ош шаарынын тургундарынын басымдуу бөлүгү шаар мэри Айтмамат Кадырбаевдин Барсбек баатырдын эстелигин башка жакка жылдыруу демилгесине каршы. Белгилей кетсек, шаар мэри эстелик орнотулган көчөлөрдө унаа тыгыны орун алып жатканын билдирген.

Жергиликтүү тургун Бекмамат Абдималик уулунун айтымында, Барсбектин эстелигин жылдырууга кете турган 10 млн сомго жер алдынан өтүүчү өтмөк же асма көпүрө салуу сунушун айтты. “Бул каражатты Салиев жана Гагарин көчөлөрүн оңдоого жумшаса же Райымбеков жана Шейит-Дөбө көчөлөрүн бириктирүүчү көпүрө курса болот”,-дейт шаар тургуну.

Ош шаарынын тургуну Алтынай Ормотаева билдиргендей, дүйнөдө Барсбектин бир эле эстелиги бар. Ал Ош шаарында жайгашкан. “Биз Барсбектин жалгыз эстелигин дагы сактап кала албайбызбы. Президент маалымат жыйында Манас атабыз менен Барсбектин эстелигин Алтайда да орнотуш керек деп айткан. Кадырбаев эмнени каалап жатат? Бул эстеликти катып коюп, кайсы маселени чечкиси келип жатат?”,-деп суроо берет Ормотаева.

Эскерте кетсек, Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев Барсбектин эстелигин башка жакка жылдыруу сунушун шаардык кеңештин IV чакырылышынын IX сессиясында айткан болчу.

Пикир

Оставить комментарий