• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Ош шаарынын казысы жарандарды COVID-19га каршы вакцина алууга чакырды

COVID - 19 0


Бишкек, 02.08.21. /Кабар/. Ош шаарынын казысы Убайдалла ажы Сарыбаев бардык жарандарды COVID-19га каршы эмдөөдөн өтүүгө чакырды.

Эмдөө Ош шаарынын бардык Үй-бүлөлүк медицина борборлорунда (ҮМБ) жүргүзүлүүдө. Эмдөөдөн алдында дарыгерлер жарандын ден соолугунун абалын текшерет. Ош шаарында биринчи этаптын алкагында Кытайда өндүрүлгөн «Синофарм» вакцинасы келген. Биринчи этаптын алкагында жалпы 50 миң доза жеткирилген, алар Ош шаарындагы эмдөө пункттарына бөлуштүрүү пландалууда.

Ош шаарында коронавируска каршы акысыз эмдөө үчүн 47 пунк ачылган. Вакцина алууну каалагандар жанына паспорттун ала келиш керек. Муну менен катар, Ош шаарында күнү-түнү иштеген эмдөө пункттары дагы ачылган.

Пикир

Оставить комментарий