• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Ош шаарынын кичи райондорунда элдик майрам өтүп, мэр шаардыктарды куттуктады

Аймак 0

Бишкек, 21.03.21. /Кабар/. 20-мартта Нооруз майрамына карата Оштун 6 муниципалдык аймактык башкармалыгында жана бир айыл аймактык башкармалыгында элдик майрам уюштурулуп, сүмөлөк салуу жөрөлгөсү болду. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынан кабарлашты.

Шаар башчысы Таалайбек Сарыбашов ар бир аймакка барып, шаардыктарды жеринде куттуктады.

"Күн менен түн теңелип, жер жарылып, жаздын жарчысы болгон Нооруз майрамында шаар тургундарына элдик майрам уюштурулуп жатат. Молчулуктун, токчулуктун жылы болуп, ар бир үйдө майрам болсун. Өткөн жылдагы кырдаал көчөгө чыкмак турсун, бири бирибизди көрүп, чер жазыша сүйлөшүүгө зар кылды. Мындай оор кырдаал эч убакта кайталанбасын. Ар бир үйдө той-маареке болуп, эл дайым кубанып жүрсүн", - деди шаар башчысы.

Аймактарда уюштурулган "Нооруз-2021" элдик майрамынын алкагында концерттик программалар уюштурулуп, улуттук тамак-аш жарманкелери болуп өттү.

Бүгүн, 21-март Нооруз майрамы борбордук аянтта саат 09:00до чоң сахналаштырылган концерттик программа менен коштолот.

Пикир

Оставить комментарий