• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Ош шаарынын командасы волейбол боюнча достук кубогуна арналган турнирде жеңүүчү болду

Аймак 0

Бишкек, 05.10.21. /Кабар/. Ош шаарынын командасы волейбол боюнча достук кубогуна арналган эл аралык турнирде жеңүүчү болду. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, күн мурун, 4-октябрда, Ош шаарында шаар күнүнө карата волейбол боюнча өтүп жаткан достук кубогу жыйынтыкталды. Эл аралык турнирге 6 команда катышты: Андижан облусунун жана Андижан шаарынын (Өзбекстан) командалары, Жалал-Абад, Баткен, Ош облустарынын жана Ош шаарынын командалары болду.

Турнирдин жыйынтыгы боюнча 1-орунду Ош шаарынын командасы, 2-орунду Баткен облусунун командасы, 3-орунду Ош облусунун командасы ээледи. Ошондой эле номинациялар боюнча мыкты оюнчуларды сыйлоо болуп өттү.

Салтанатка шаардын вице-мэри Венера Рыскулова катышып, элдердин достугун, ден соолугун чыңдоо жана спортту жайылтуу үчүн мындай иш-чараларды өткөрүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

Турнирдин жеңүүчүлөрүнө Ош шаарынын дене тарбия жана спорт комитети тарабынан дипломдор, медалдар, кубоктор жана акчалай сыйлыктар тапшырылды.

Пикир

Оставить комментарий