• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Ош шаарынын коомдук жайларына жаңы сорттоочу урналар орнотула баштады

Аймак 0

Бишкек, 30.09.22./Кабар/. Ош шаарындагы коомдук жайларга “Ош-Тазалык” ишканасы тарабынан жаңы сорттоочу урналарды орнотуу иштери 30-сентябрдан тарта башталды. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Орнотуу учурунда адамдар көп жүрүүчү жерлерге өзгөчө көңүл бурулат: коомдук транспорт аялдамалары, парктар, сейил бактар.

Долбоордун негизги максаты – калк арасында таштандыларды сорттоону калыптандыруу. Бүгүнкү күндө 5 жерге сорттоочу урналар коюлса, алдыда билим берүү мекемелеринин жанына, эс алуучу жайларына урналарды орнотуу пландалууда.

Белгилей кетсек, бул иштер “Ош-Тазалык” ишканасынын жетекчиси Нурбек Исмаиловдун демилгеси менен шаардагы тазалыкты жана тартипти сактоо максатында колго алынууда.

Пикир

Оставить комментарий