• 89.11
  • 94.62
  • 0.95

Ош шаарынын Манас-Ата кичи районуна аллея курулуп, көчөлөрү оңдолот

Аймак 0

Бишкек, 30.06.20. /Кабар/. 2021-жылы Ош шаарынын Манас-Ата кичи районуна аллея курулуп, көчөлөрү оңдолот. Бул тууралуу Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов аталган кичи райондогу Салиева көчөсүн текшерип чыккандан кийин билдирди. Шаар башчысы Салиева көчөсүндөгү мыйзамсыз курулуштарды жана ички көчөлөргө чыгып кеткен курулуштарды алып салуу тапшырмасын берди.

Мэр курулушу аяктаган спорт комплекс менен да таанышып, жакынкы күндөрү пайдаланууга бериле турганын айтты, - деп кабарлайт Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы.

Спорт комплекстин курулушу Иран Ислам Республикасы тарабынан каржыланды. Күрөш, баскетбол, волейбол, фитнес, теннис оюндары өтүшүнө шарт бар. 200дөй көрүүчүлөр үчүн да орундуктар курулуп, жуунучу жайлары бар. Ал эми спорт комплекстин жанына жашоочулар үчүн балдар аянтчасы курулду.

Пикир

Оставить комментарий