• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Ош шаарынын мэри А.Кадырбаев Улуу Жеңиштин 72 жылдыгы менен куттуктады

Аймак 0

Бишкек, 9-май /Кабар/. Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаевдин 9-май Улуу Жеңиштин 72 жылдыгына арналган куттуктоо сөзү:

Урматтуу Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлери!
Урматтуу ооруктун каармандары!
Кадырлуу мекендештер!

Бүгүн бүткүл дүйнөлүк коомчулук ХХ кылымдын трагедиясы болгон Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 72 жылдыгын салтанаттуу белгилеп жатышат.
Ошондон улам алгач Сиздерди, урматтуу Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучулары, ооруктун каармандары, кадырлуу шаардыктар жана шаарыбыздын меймандары Ош шаарынын мэриясынын, жалпы эле шаардыктардын жана жеке өзүмдүн атымдан Улуу Жеңиш майрамыңыздар менен куттуктап, Жеңиштин Туусу жергебизде түбөлүк желбирей берсин демекчимин.
Улуу Жеңиштин Туусу орногондон бери 72 жыл өтсө да ошол кандуу жылдардын каргашасы, азабы менен тозогу, кайгысы менен муңу, кырчын кезинде кыйылган өмүрлөрдүн элеси, орду толгус жоготуулар, көз жаш менен кубанычы бүгүн да көз алдыбыздан кетпей, биз менен кошо жашап келет.
Кан майданга аттанган уулун бир көрүүгө зар болгон ата-эненин көз жашын, атасыз жетим өскөн баланын өксүгүн, бейиштеги баланын жытын искей албай, кан майданда курман болгон жоокерлердин арманын, он гүлүнөн бир гүлү ачыла электе кара кийинген кыз-келиндердин кайгы-муңун эч нерсе менен салыштырууга болбойт.
Бирок, согуш алааматы канчалык оор, канчалык кайгылуу болбосун 72 жылдан бери жергебизде желбиреп турган Жеңиштин Туусу бизди ар убак сыймыкка бөлөп, келечекке үмүттүү кароого шыктандырып тургандыгы талашсыз чындык. Биз бүгүн ушул чындык менен жашап, ушул чындык үчүн күрөшүп келебиз.
Улуу Жеңиш майрамын белгилеп жатып, Ош шаарынан Улуу Ата Мекендик согушка аттанган 14 621 мекендешибиздин, анын ичинен баатырларча курман болгон 3 627 жердешибиздин ысымдары, алардын эрдиги менен сыймыктанбай кое албайбыз.
Тилекке каршы, согуштан Жеңиш менен элине аман-эсен кайтышкан 10 979 эр азаматыбыздын көзү өтүп кетти. Бирок, Жеңиштин 72 жылдыгын биз менен кошо белгилей албай калган мекендештерибиздин ысымдары эч качан унутулбайт. Алар дайыма биз менен бирге, алардын ысымы түбөлүк тирүү, биздин катарыбызда.
Жеңиш майрамын бүгүн Ош шаарында биз менен бирге согуштун 15 баатыры чогуу белгилеп жатышат. Урматтуу Улуу Ата Мекендик согуштун баатырлары, Жеңиш майрамы белгиленип жаткан учурда Сиздердин согуш талаасындагы эрдигиңиздерге, баатырдыгыңыздарга башыбызды ийип, таазим этебиз.
Батышта кан күйүп, өмүр менен өлүмдүн күрөшү жүрүп жаткан учурда ооруктун каармандарынын салымы теңдешсиз экендигин кимдер билбейт. «Баардыгы фронт үчүн!», «Баардыгы Жеңиш үчүн!» деген ураан менен элибиз күнү-түнү талыкпай эмгектенгенип, Жеңишти тездетүүгө өзгөчө салым кошкондугу тарыхый чындык. Бүгүн ооруктун 34 каарманы биз менен бирге Жеңиш майрамын чогуу белгилеп олтурушат.
Мезгил учкан куштай өтө берет. Бирок, Улуу Ата Мекендик согуш, анын кесепеттери, Рейхстагга Жеңиш туусун сайып, Улуу Жеңишти алып келген эр жүрөк мекендештерибиздин баатырдыгы, алардын ташка баткан элестери, ооруктун каармандарынын кайратман эмгеги турмушубуздун уңгулуу сабагы катары түбөлүккө жашай берет. Алардын баскан жолу, түбөлүктүүлүктүн үрөнүн сепкен өрнөктүү өмүрү эч качан унутулбайт.
Ошондон улам, урматтуу мекендештер, Улуу Ата Мекендик согуштагы Улуу Жеңиштин 72 жылдыгында Сиздерге кайрылаар элем: кан майдандан кайтпай калган аталарыбыздын, ооруктун каармандарынын ысымдарын ар дайым ыйык сактап, алардын басып өткөн жолуна, фронттогу эрдигине, кажыбас кайратына татыктуу болууга чакырам.
Аталарыбыздын эстафетасын татыктуу улантуу менен алардын жолун жолдоп, мамлекетибиздин бүтүндүгүн, өлкөбүздүн келечегин ойлоп, ата мурасын ар намыстуулук менен аткаралы.
Мекенибизде ар дайым тынчтык болсун!
Улуу Жеңиштин Туусу түбөлүккө желбирей берсин!
Жеңиш майрамыңыздар менен!

Пикир

Оставить комментарий