• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Ош шаарынын мэри А.Кадырбаевдин жаштарга жана спортчуларга арналган майрамдык иш-чарасы өттү

Аймак 0

Бишкек, 26.12.17. /Кабар/. Кечээ, 25-декабрда Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаевдин жаштарга арналган Жаңы жылдык кечеси болуп өттү. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, ага бийлик өкүлдөрү, Жогорку жана шаардык кеңештин депутаттары, массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү, ошондой эле 500гө жакын жаш активисттер жана спортчулар келип катышты.

Шаар башчысы Айтмамат Кадырбаев 2017-жыл Ош шаары үчүн жемиштүү жылдардан болгондугун белгилеп, өнүгүү жолунда бара жаткан шаарга биргеликте кам көрүүгө жаштарды жана спортчуларды үгүттөдү. Ошондой эле, жаңы жыл ийгиликтин жана берекенин жылы болсун деген тилегин кошумчалады.

Салтанаттын жүрүшүндө шаар мэри Айтмамат Кадырбаев саясий, коомдук иштерге активдүү катышкан жаштарга Ош шаарынын мэриясынын ардак грамотасын, ыраазычылык катын, жана баалуу белектерин тапшырды. Ошондой эле Ош шаарынын мэринин стипендиясы бир нече жаштарга тапшырылды. Ага улай Ош шаардык кеңешинин төрагасы Жапарбек Ормонов активисттерге шаардык кеңештин ардак грамотасын берди.

Андан соң, жылдын мыкты спортчуларын сыйлоо аземи болду. Анда Ош шаарын гана эмес, Кыргызстанды дүйнөгө таанытып, жемиштүү кайткан спортчуларга сертификаттар жана Ош шаарынын спорт камитети тарабынан атайын даярдалган “2017-жылдын мыкты спортчусу-Ош” статуэткалары тапшырылды.

Ошондой эле, КРнын Футбол Федерациясы тарабынан Алайга кубок, 300 000 акчалай сыйлык, ал эми Алай-2 ге чакан кубок, 100 000 сом сыйлык тапшырылды.

Кеченин жүрүшүндө Ош шаарынын өнүгүүсүн, саясий жана коомдук иш-чараларды, жаштардын жана спортчулардын ийгиликтерин чагылдырган бир катар ММК өкүлдөрү Ош шаарынын мэриясынын жана шаардык кеңештин ардак грамотасы менен сыйланышты.

Расмий бөлүк бүткөн соң, жаштар үчүн бий кечеси уюштурулуп, “Мурас” этно тобунан жындуу үн менен ырлар тартууланды. Конкурстар, лотерея ойнотулуп, уюлдук телефондор, баалуу белектер жеңүүчүлөргө берилди.

Пикир

Оставить комментарий