• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Ош шаарынын мэри АКШ элчиси менен жолукту

Аймак 0

Бишкек, 15-июнь /Кабар/. Бүгүн, 15-июнда Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев Америка Кошмо Штаттарынын Кыргызстандагы атайын жана толук укуктуу элчиси Шейла Гуолтни менен жолугуп, эки тараптуу сүйлөшүүлөр болду. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушуунун алкагында кызматташуунун пландары, ошондой эле, эки тараптуу алакаларды өнүктүрүү, Ош шаарындагы бизнес багытын көбөйтүү, жеке ишкерлерге жана өндүрүш ишканаларын колдоо көрсөтүү багытында сүйлөшүүлөр жүрдү.

Шаар башчысы Айтмамат Кадырбаев элчиге эки мамлекеттин ортосундагы достук жана кызматташтык мамилелерди бекемдөөгө кошуп жаткан салымдары үчүн ыраазычылык билдирди.Ошондой эле, эки мамлекеттин саясий, экономикалык кызматташуусуна 25 жыл болгондугун айтып бул аралыкта аткарылган ийгиликтер дагы да уланат деген ишенимин билдирди.

“Ош шаарынын мэриясы демилгелүү долбоорлорду колдоого ар дайым даяр. Бизде көптөгөн социалдык, экономикалык жана маданий долбоорлор бар. Элчилик бизнес багытын колдоого алып келет. Биздин өнүктүрүү программабызда өндүрүш багытында артыкчылыктуу багыттарды кабыл алганбыз. Алар орто жана чакан ишканаларды көбөйтүү. Бул багыттан инвестиция тартып, үч жылдын ичинде 5 эсеге өстү. Ош шаарында жумуш орундарын түзүү жана жеке ишкерлерди колдоо, бизнес чөйрөнү өнүктүрүү багытын эки тараптуу колдоого алып, кызматташабыз деген үмүттөмүн” – деди А.Кадырбаев.

АКШнын элчиси Шейла Гуолтни Ош шаары менен кызматташууга кызыктар экендигин билдирди.

“Ош шаары өнүгүүнүн жолунда бара жаткан шаарлардын катарын толуктаарына ынандым. Биз чакан ишканаларды, айыл-чарбасын, туризм багыттарын өнүктүрүүчү долбоорлорду ишке ашырып жатабыз. Учурда АКШнын Экономика минстрлигинин сайтына атайын баракча ачып Кыргызстандагы долбоорлорду жүктөп, инвесторлорду, тендерге катышууга каалоочуларды тартып жатабыз. Ош шаарында да долбоорлор ишке ашып жатат”, - деди Ш.Гуолтни.

Жыйындын алкагында билим берүү тармагында да көп жылдык кызматташуулар болуп жаткандыгы туурасында сөз болуп, ошондой эле Ош шаарында АКШнын эгемендүүлүк күнүнө карата июль айынын алгачкы күндөрү чоң программадагы джаз концерти уюштурулаары маалым болду.

Пикир

Оставить комментарий