• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Ош шаарынын мэри "Алай" футбол командасынын курамы менен таанышты

Аймак 0

Бишкек, 22.09.21. /Кабар/. Кечээ, 21-сентябрда Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетов "Алай" футбол клубунун машыктыруучулары жана оюнчулары менен таанышты. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирет.

Шаар башчысы "Алай" командасы өлкөдөгү ийгиликтүү жана элдик команда экендигин белгиледи.

"Шаар мэри, клубдун жетекчиси катары команданы ар тараптан колдоого даярмын. "Алай" командасы өлкөбүздө жана чет жерлерде Ош шаарыбыздын намысын татыктуу коргоп келет. Бир нече жолу өлкө чемпиондугун, Кубогун, Супер Кубогун алган. Команда күйөрмандарга бай чыныгы элдик команда. Андыктан оюнчуларга, машыктыруучуларга алдыңкы оюндарда ийгилик, жеңиш каалайм. Биз силерге ишенебиз! Дайым татыктуу оюн көрсөткүлө", - деди ал.

Алмаз Мамбетов клубдун жетекчиси, башкы машыктыруучусу менен командадагы пландар, көйгөйлөр, стадиондун инфраструктурасын жакшыртуу боюнча маселелерди карап, аларды чечүү жолдорун талкуулады.

Андан соң өлкө чемпиондугунун негизинде өткөн "Алай" менен "Абдыш-Ата" оюнуна күбө болду.

Айта кетсек , "Алай" футбол клубу муниципалдык клуб болуп эсептелет. Команданы каржылоо үчүн жыл сайын шаардын казынасынан акча каражаты бөлүнүп берилет.

Пикир

Оставить комментарий