• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Ош шаарынын мэри: Ар бир адам энелер үчүн кызмат кылууга милдеттүү

Коом 0

Бишкек, 17.05.20. /Кабар/. Ош шаарынын мэрия Таалайбек Сарыбашов жалпы аялзатын бүгүнкү Энелер күнү менен куттуктады. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Мэрдин куттуктоосунун тексти:

Кымбаттуу энелер!

Сиздерди бүгүнкү майрамыңыздар менен чын жүрүктөн куттуктайм. Эне дегенде баарыбыз өзүбүздүн алтын апаларыбызды эстеп, жүрөгүбүзгө мээримдүлүк келет. Адамдын жүрөгүндө энелерге болгон ыйык сүйүү түбөлүк жашайт. Анткени энелердин мээрими адамды жарык дүйнөгө келгенден тартып колдоп жүрөт. Ар бир адам өмүр бою эненин жылуу сөзүнө, колдоосуна муктаж. Бир да эне баласына кыпындай да жамандык каалабайт. Эненин жүрөгү, мээрими тууралуу сөз кылсак айтылып бүтпөйт. Сиздер үчүн бүгүн гана эмес, күн сайын майрам болушу керек. Ар бир адам энелер үчүн кызмат кылууга милдеттүү. Ош шаарынын мэриясы энелердин да көйгөйлөрүн чечүүнүн үстүнөн иштейбиз.

Кымбаттуу энелер!

Ар дайым балдарыңыздардын жакшылыгын көрүңүздөр. Сиздерге чың ден соолук, бакыт-таалай, бактылуу карылык жана бардык жакшылыктарды каалайм!

Өлкөбүздө тынчтык болуп, элибиз ден соолукта болсун!

Ош шаарынын мэри
Таалайбек Сарыбашов.

Пикир

Оставить комментарий