• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Ош шаарынын мэри ар жуманын шейшемби күндөрү тургундарды жеке кабыл алат

Аймак 0

Бишкек, 28-март /Кабар/. Бүгүн, 28-мартта Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаевдин кезектеги тургундарды жеке кабыл алуусу болду. Анын негизинде А.Кадырбаев 20га жакын шаар тургундарын кабыл алып, көйгөйлөрүн, сунуштарын укту. Мэрдин жеке кабыл алуусуна келген шаардын тургундарынан сырткары облустун да жашоочулары бар. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Алардын арасында Курманжан-Датка көчөсүндөгү 266-көп кабаттуу үйдүн жашоочулары, үйдүн алдында башталган мыйзамсыз курулуш иштерин токтотууну, Кулатов №1 үйдүн тургундары балдар аянтчаларын оңдоп түзөөдөн өткөрүп берүүнү суранышты. Ошондой эле, Ш.Руставели №25-үйдө жашагандар канализацияга туташтыруу боюнча кайрылышты. А.Кадырбаев айтылган маселелер боюнча жеринде Ош шаардык шааркуруу жана архитектура башкармалыгынын, «Ошшаарсууканал» муниципалдык ишканасынын, капиталдык курулуш башкармалыгынын жетекчилерине атайын тапшырмаларды берди.

Мындан сырткары, мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар, аз камсыз болгон үй-бүлөлөр, материалдык жардам сурап кайрылышты.Бул боюнча шаар мэри Ош шаардык социалдык өнүгүү башкармалыгына мыйзам чегинде акча каражатын бөлүп берүүнү айтты.

Ал эми, мугалимдер ипотекалык үйлөрдөн бөлүп берүүнү, айрым жашоочулар көп кабаттуу үйлөрдүн айланасында интернет клубдардын көптүгүн айтып, аларга тиешелүү чараларды көрүүнү айтышты. Айтылган бардык маселелер боюнча Айтмамат Кадырбаев тиешелүү жетекчилерге тапшырмаларды берип, жеке көзөмөлгө алаарын билдирди.

Ошондой эле, шаардагы спорт клубдардын биринде машыгып жаткан спортчулар мэрге Ак-Буура жээгинде жаңыдан курулган веложол жана тротуар алардын машыгууларына жакшы шарттарды түзгөндүгүн айтышып, атайын ыраазычылык айтып келишкен. –“Буга чейин дарыянын жээги начар абалда болуп, чуркап, машыкканга аябай ыңгайсыз эле, жаңыдан курулуп жаткан жолдор баарына жагымдуу жаңылык болду. Учурда көптөгөн шаардагы спортчулар ошол жерге келип машыгышат”,- деди спортчулар.

Айта кетсек, Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев ар жуманын шейшемби күндөрү тургундарды жеке кабыл алып келет.

Пикир

Оставить комментарий