• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Ош мэри асфальтталып бүткөн Алиев көчөсүндө иштин сапатын текшерди

Коом 0

Бишкек, 04.11.21. /Кабар/. Ош шаарын мэри Алмаз Мамбетов жаңыдан гана асфальттоо иштери аягына чыгарылган Э. Алиев көчөсүндө жүргүзүлгөн иштердин сапаты менен таанышып чыкты. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, мэр тиешелүү жетекчилерге кетирилген айрым кемчиликтерди оңдоого тапшырма берди.

Алар: айрым жерлерде бардюрлардын жоктугу, тратуарды курууда кетирилген кемчиликтер, жол ортосунан өткөн коммуникациялык кудуктардын оозун жабууда бирдей деңгээл сакталбай унаа өткөнгө тоскоол болгон учурлар, айрым жерлерде жаңы асфальттын чети жабылбай суу кире тургандай абалда калганы.

Эске сала кетсек шаардын так ортосундагы Эргеш Алиев атындагы көчөдө А. Сүйүнбаев көчөсүнөн М. Джиннах көчөсүнө чейин 1075 метр жерге жаңыдан асфальт төшөлүп, реконструкцияланды. Жол жээгине 1 километр жерге 2 тараптуу жаңы арык курулуп, 2 километр жерге 2 жагындагы тратуар асфальтталды. Жол белгилери сызылды.

Жол оңдоодон мурда жер алдындагы коммуникациялык куурлар жаңыланган. Коммуникациялык кудуктар корректировкаланган.

Бул көчөдө "Олимп" гимназия мектеби, "Жибек" балдар бакчасы жана жеке турак үйлөр бар.

Пикир

Оставить комментарий