• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Ош шаарынын мэри Бангладештин Кыргызстандагы элчиси менен жолукту

Аймак 0

Бишкек, 06.11.19. /Кабар/. Бүгүн, 6-ноябрда Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов Бангладештин Кыргызстандагы элчиси Масуд Маннан менен жолугушту. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Калаа башчысы Ош шаары көптөгөн өлкөлөрдүн шаарлары менен достук алакасын үзбөй жүргүзүп келе жатканын белгилеп, кызматташууга кызыкдар экендигин билдирген.

"Жолугушуунун алкагында тигүүчүлүк, тери иштетүү, билим берүү, туризм багытында кызматташуу боюнча сөз болду. Элчи Оштогу маданият, билим берүү өкүлдөрүн жана журналисттерди Бангладеш менен жакындан тааныштыруу максатында өз өлкөсүнө чакырды", - деп айтылат билдирүүдө.

Пикир

Оставить комментарий