• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Ош шаарынын мэри бир катар балдар үйлөрүнө Жаңы жылдык белектерди тапшырды

Аймак 0

Бишкек, 26.12.17. /Кабар/. Кечээ, 26-декабрда Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев шаардагы “Боорукердик” үй-интернатына, “Кыймыл таяныч тутумундагы мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын ден соолугун калыбына келтирүү борборуна” “Лотос”, “Алтын уя” үй-бүлөлүк балдар үйлөрүнө барып, балдарды Жаңы жыл майрамдары менен куттуктады.

А. Кадырбаев балдарга оюнчуктар жана майрамдык шириндиктер менен толтурулган белектерди берди.

- Бүгүн мен шаар башчысы гана эмес, ата катары, жаран катары шаарыбыздагы ата-эне мээримине муктаж болгон, жылуу сөзгө муктаж болгон жаш жеткинчерге барып, аларды жаңы-жылы менен куттуктап жүрөмүн.

Ар кандай майрамдык иш-чараларда биз эң оболу тагдырдын сыноосуна кабылган, аярлуу катмардагы балдардан кабар алып турууну, аларга майрамдык маанай тартуулоону адат кылышыбыз керек. Ушул учурдан пайдаланып мен шаардагы бардык кайдыгер эмес жарандарды ушул сыяктуу балдар үйлөрүнө, балдар интернаттарына келип, колунан келген жардамдарын көрсөтүп турууга чакырып кетээр элем, анткени булар биздин жылуу сөзүбүзгө, колдообузга аябай муктаж балдар.

Бүгүн биз аз да болсо ушул жаш жеткинчектерге майрамдык маанай тартуулоо максатында шаардагы бир нече балдар үйлөрүнө, реабилитация борборуна, үй интернаттарына бардык.- деди мэр А.Кадырбаев.

Эскерте кетсек шаар башчысы жалпысынан 100дөй балдарга белек тапшырып, аларды майрамдары менен куттуктады.

Өз учурунда тарбияланып жаткан жаш бөбөктөр да калаа башчысына өнөрлөрүн тартуулашты.

Пикир

Оставить комментарий