• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Ош шаарынын мэри үч эм төрөлгөн үй-бүлөгө барды

Аймак 0

Бишкек, 07.03.22. /Кабар/. Бүгүн, 7-мартта Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетов үч эм төрөгөн Жаңылай Маданбекованын үйүнө барды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, анда калаа башчы үч эмдин апасын 8-март - Аялдардын эл аралык күнү менен куттуктап, энеге жана балдарына чың ден соолук, бакубатчылык каалады. Ага улай үч эмдин үй-бүлөсүнө материалдык жардам көрсөтүлдү.

Эске салсак, 14-февралда Жапалак айыл аймагынын Арек айылынын тургуну Жаңылай Маданбекова үч эм: эки уул, бир кызды жарык дүйнөгө алып келген. Ж.Маданбекованын дагы эки баласы бар.

Пикир

Оставить комментарий