• 88.91
  • 94.75
  • 0.95

Ош шаарынын мэри чек арачыларды сыйлады

Аймак 0

Бишкек, 27.05.19. /Кабар/. Ош шаарында Мамлекеттик чек ара кызматынын түзүлгөндүгүнүн 20 жылдыгына карата салтанаттуу иш-чара болуп өттү. Майрамдык иш-чарага Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов катышып, чек арачыларды куттуктады.

Шаар мэри сыйлыкка көрсөтүлгөн чек арачыларга мэриянын ардак грамотасын тапшырды. Чек арачылардын иши татаал жана жоопкерчиликтүү экенин белгилеген калаа башчысы аскерлердин спорттук иш-чараларын өткөрүү үчүн 100 миң сом бөлүп берди.

“Чек арачыларыбыз чек араны намыскөйлүк, жоопкерчилик менен кайтарышууда. Кандай кырдаал болбосун, элин, жерин коргоого даяр турган чек арачы аскерлер менен сыймыктанабыз. Мамлекет тарабынан чек ара кызматкерлерине жакшы көңүл бурулуп, аларга арналып турак-жай курулуп, айлык акылары көтөрүлүп, колдонгон куралдарына да маани берилүүдө. Эң негизгиси биздин чек арачыларда патриоттук сезим бар”, - деди Т. Сарыбашов.

Салтанаттуу иш-чарага өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Б. Юсупов, Ош шаардык кеңешинин төрагасы Ж. Ормонов жана башка укук коргоо органдарынын башчылары катышып, сыйлыктарын тапшырышты.

Пикир

Оставить комментарий