• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Ош шаарынын мэри дагы бир тигүү фабрикасын беткап чыгарууга көмөк көрсөтүүгө чакырды

Аймак 0

Бишкек, 18.03.20. /Кабар/. Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов беткап тартыштыгынан улам “Мурас” тигүү фабрикасынын кызматкерлери менен жолукту.

Мэр “Мурас” тигүү фабрикасынын жетекчилигине беткап чыгарууну колго алуу зарылчылдыгы пайда болгонун айтып, кызматкерлерди элдердин саламаттыгы үчүн жардам берүүгө чакырды.

“Шаарда “Дастан” ишканасы беткап тигүүдө. Бул жетиштүү эмес. Ошол себептүү сиздерге келип, беткап тигип чыгарууга көмөк көрсөтүүнү суранып жатабыз. Ишиңиздерди таштабай, беткап тигүүгө жардам беришиңиздер керек. Учурдагы абалдан чыгууга баарыбыз ынтымакта аракет кылышыбыз зарыл”, - деген мэр.

Маалыматка ылайык, аталган фабрикада негизинен улуттук кийимдер чыгарылат.

Пикир

Оставить комментарий