• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Ош шаарынын мэри эл менен болгон жолугушуусун улантууда

Аймак 0

Бишкек, 31-март /Кабар/. Кечээ, 30-мартта Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев Курманжан Датка аймактык кеңешинин тургундары менен жолукту. Адаттагыдай 2016-жылдын жыйынтыгы менен экинчи борбор калаада аткарылган алгылыктуу иштердин жыйынтыгы туурасында тасма көрсөтүлүп, андан соң калаа башчысы жалпы тургундардан кат жүзүндө келген суроолоруна жооп берди. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Аталган аймактын жашоочуларын көбүн эсе балдар келечеги ойлондурдуп, балдар аянтчаларын куруп берүүнү суранышты.

Шаар башчысы балдар аянтча керек экендигин белгилеп, шаардагы иш-аракеттерге токтолду.

“Жылына шаар боюнча жыйырмага жакын балдар аянтчалары курулат. Копчулук балдар ойноочу жерлер бузулуп, көп кабаттуу үйдүн айрым жашоочулары мыйзамсыз тосуп да алган учурлар кездешип жатат. Андыктан бул багытта иштер жүрүп жатат. Өз кезеги келгенде көп кабаттуу үйлөрдүн алдында балдар аянтчалары жаңыланып, ар түрдүү улуттун балдары достугун чыңдайт”, - деди А.Кадырбаев.

Ошондой эле, “Жеңиш” эс алуу жайы дагы улана тургандыгын айтып, жаштарды кубандырды. Мындан тышкары таза суу, жол, жарыктандыруу жана башка суроолор жеринде жооп алып, айрымдарды тийиштүү жетекчилер менен биргеликте жеринде чечип келүүнү сунуштап, жиберип жатты.

Курманжан Датка аймактык кеңешинде шаар мэри Айтмамат Кадырбаев көрктөндүрүү жана жашылдандыруу боюнча жарыяланган үч айлыкты айтып, жалпы тургундарды ар ишемби короо-жайын тазалоого, иштеген жеринин айланасын көрктөндүрүп, актап-сырдоого чакырды.

Пикир

Оставить комментарий