• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Ош шаарынын мэри эл менен жолугуп, көйгөйлөрүн укту

Аймак 0

Бишкек, 15.11.18. /Кабар/. Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов Жапалак айылдык аймактык башкармалыгынын жашоочулары менен жолукту, - деп билдирет Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, жыйынга Ош шаардык кеңешинин төрагасы Жапарбек Ормонов, шаардык кеңештин депутаттары жана мекеме-ишканалардын жетекчилери да катышып, көйгөйлүү маселелерди жеринде чечүүгө шарт түзүлдү.

Жыйындын жүрүшүндө Т.Сарыбашов тургундарга шаарда жасалып жаткан жана пландалган иш-аракеттер туурасында кыскача маалымат берди.

Жашоочулар аймактагы көйгөйлүү маселелерди шаар мэрине кагаз суроолорду берип, жооп алышты.

Т.Сарыбашов элдерден келген ар түрдүү маселелерди угуп, тийиштүү жетекчилерге жеринде тапшырмаларды берди.

Жыйын оозеки суроо-жооп менен уланып, ар кандай кайрылуулар, сунуш-пикирлер кабыл алынды. Аймактын тургундары, шаар жетекчисине таза суу, электр энергиясы, тазалык, түнкү жарыктандырууга байланышкан маселелерди, социалдык объекттердин жетишсиздигин айтып кайрылышты.

Айта кетсек, шаар башчысы Таалайбек Сарыбашовдун эл менен жолугушуусу шаардын бардык аймактык кеңештеринде уланат.

Пикир

Оставить комментарий