• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Ош шаарынын мэри эл менен жолугушуп, маселелерин укту

Аймак 0

Бишкек, 12.04.22. /Кабар/. Бүгүн, 12-апрелде, Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетов калаа тургундары менен жолугушуп, маселелерин укту.

Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдиргендей, жыйынга 800гө жакын жаран келип, алардын суроолоруна жооп берүү үчүн бардык тармактардын жетекчилери катышты.

Жолугушуунун жүрүшүндө алгач шаардын 4 вице-мэри 2022-жылы өздөрү жетектеген тармактардагы аткарыла турган иштер тууралуу айтып беришти. Андан соң жашоочулар суроолору менен кайрылышты.

Жыйындын катышуучулары Ош шаарынын инфраструктуралык абалын жакшыртуу маселесинен тартып жеке көйгөйлөрүнө чейин мэрге жеткиришти.

Алсак, жергиликтүү тургундардын нааразычылыгын жараткан Акниет маркетинин мыйзамдуулугу боюнча суроо көтөрүлүп, шаар башчы элдин талабын эске алып, мыйзамсыз болсо курулушту бузуу тапшырмасын берди. Навои паркындагы зоопарктан чыккан таштандыга жана жагымсыз жытка каршылыгын билдирген жарандардын суроосуна ылайык тийиштүү ишканалар текшерүүгө алмай болду. Аны менен катар мектепте орундардын жетишсиздиги, Акмөөр жатаканасынын жашоочуларынын учурдагы абалы тууралуу да маселе көтөрүлдү.

Калаа башчы ар бир суроого тийиштүү жетекчилерден жооп алып, жарандардын кайрылуусунун жыйынтыгы болушун талап кылды.

Белгилей кетсек, өлкө башчы Садыр Жапаровдун тапшырмасына ылайык президенттин облустардагы өкүлдөрү, Ош жана Бишкек шаарларынын мэрлери эл менен жолугушууда.

Пикир

Оставить комментарий