• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Ош шаарынын мэри Германиянын элчиси менен кызматташтыкты талкуулады

Аймак 0

Бишкек, 24.11.21. /Кабар/. Күн мурун, 23-ноябрда Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетов Германиянын Кыргызстандагы элчиси Габриэла Геллил менен жолугушту. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жолугушууда эки тараптуу кызматташтык, саламаттык сактоо, билим берүү жана туризм багытында сөз жүрдү. Бул жаатта биргеликте ишке ашырылуучу пландар тууралуу айтылды.

Мэр Алмаз Мамбетов өз сөзүндө Германия өкмөтүнүн демилгеси менен ишке ашырылган үй-бүлөлүк медицина борборунда, тез жардам кызматындагы долбоорлор үчүн ыраазычылыгын билдирди. Ошол менен бирге Ош туристтик шаар экенин белгилеп, Ош жана Мюнхен шаарларынын кызматташуу маселесин көтөрдү.

Габриэла Геллил Ош шаарында жаңы перинаталдык борбор курула турганын маалымдады. Өз кезегинде Германиянын Кыргызстандагы элчиси эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү багытында алгылыктуу иштер жүрө турганын кошумчалады.

Пикир

Оставить комментарий