• 89.01
  • 94.71
  • 0.94

Ош шаарынын мэри Каракол шаардык кеңешинин депутаттарын кабыл алды

Аймак 0

Бишкек, 17.03.18. /Кабар/. Кечээ, Бүгүн, 16-мартта Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев Каракол шаарынан келген делегацияны кабыл алды,-деп билдирет ведомствонун басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, делегациянын курамында Каракол шаарынын мэриясынын өкүлдөрү, шаардык кеңештин депутаттары, спорт жана жаштардын саясатын жүргүзгөн борбордун өкүлдөрү бар. Жолугушуунун алкагында кызматташуу багытында сүйлөшүүлөр болуп, жаштар комитетин ишмердүүлүгү боюнча кененирээк маалымат алышты.

Шаар башчысы Айтмамат Кадырбаев Каракол шаары менен кызматташуу келишими 2013-жылы түзүлгөндүгүн белгилеп, андан бери бир топ тажырыйба алмашуу багытында иш аракеттер жүргөндүгүн билдирди.

“Эки шаар ортосундагы кызматташуу жылдан жылга күчөп, соода-экономикалык, маданий катнаш жанданып келет. Ош шаарынын көрктөндүрүү жана жашылдандыруу чарба комбинаты менен Каракол шаары келишим түзүп бир топ жазгы иштерди жүргүзүп баштады. Бүгүн болсо жаштардын саясатын күчөтүү максатында жолугушуу болуп олтурат. Жакынкы аралыкта бир топ жетекчилер менен биргеликте Каракол шаарына барып, ишмердүүлүктөрү менен таанышып кайтканбыз. Туризм багыты, тейлөө сапаты күндөн күнгө жогорулап жатыптыр. Андыктан жаштардын комитетин түзсөңүздөр, алар туризм багытын өнүктүрүүгө чоң салым кошот деп ишенем”, - деди А.Кадырбаев.

Ал эми Каракол шаардык кеңешинин депутаты Турат Акимканов тажырыйба алмашып, тыгыз кызматташуу менен мамлекеттин өсүп өнүгүүсүнө эбегейсиз салым кошобуз деп билдирди.

Жыйындын алкагында Ош шаарынын мэриясынын жаштар иштери боюнча комитетинин төрагасы Мелис Обозов келген депутаттарга жана Каракол шаарынын мэриясынын алдындагы Жаштар борборуна жаштар комитетинин ишмердүүлүгүнө кенен токтоп, жыл ичинде аткарылган жумуштар туурасында айтып өттү. Ошондой эле, жаштар парламентинин түзүлгөндүгүн да кошумчалады.

Мындан тышкары, делегацияга Ош шаарында аткарылып жаткан алгылыктуу иштер туурасында тасма көрсөтүлүп, андан соң жеринде тааныштыруу болду.

Пикир

Оставить комментарий