• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Ош шаарынын мэри кароосуз калган карылардан кабар алды

Аймак 0

Бишкек, 01.10.18. /Кабар/. Бүгүн, 1-октябрда Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов “Боорукердик” үй интернатында жашаган карылардан жана жүз жаштан ашкан Касиет Жолдошевадан кабар алды. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Мэр Таалайбек Сарыбашов ата-энесин кароосуз калтырган жарандарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүү менен алдын алуу иш-аракеттери жүрүп жаткандыгын белгилеп, ал эми такыр мүмкүнчүлүгү жок кары-картаңдар учурда жатак интернатында экендигин билдирди.

“Жылына жергиликтүү бюджеттен “Боорукердик” үй интернатына 7,5 млн. сом акча каражаты бөлүнүп берилет. Жалпысынан 23 кара-картаңдар жашап, 28 өспүрүм тарбияланып келет. Бөлүнгөн акча каражаты алардын тамак ашына, ден сооугуна кам көрүү багытына жумшалат. Мындан тышкары, айрым коомдук уюмдар, кайрымдуу жарандар, жаштар кабар алып турушат. Бүгүн да Карылар күнүнө карата бул жактагы ата-апалардан кабар алып, баарлашып, белектерди, таттууларды тапшырып жатабыз”, - деди Т.Сарыбашов.

Жалпысынан 1-октябрь карылар күнүнө карата жергиликтүү бюджеттен 200 миң сом акча каражаты бөлүнгөн. Белгилей кетсек, жашы улгайган, жардамга муктаж 145ге жакын ата-апаларга жардам берилди.

Пикир

Оставить комментарий