• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Ош шаарынын мэри Мамбетов тургундарды кабыл алып, алардын көйгөйлөрүн укту

Аймак 0

Бишкек, 30.11.21. /Кабар/. Бүгүн, 30-ноябрда, Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетов шаар тургундарын кабыл алып, алардын көйгөйлөрүн укту. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, калаа башчынын жеке кабыл алуусунда болгон жарандардын басымдуу бөлүгү турак-жай, ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга камкордук, муктаждарга материалдык жардам, талаштуу жер тилкелеринин айланасындагы маселелер менен кайрылышты.

Мэр ар бир арыз менен кенен таанышып, жарандардын суроолоруна жооп берилди. Вице-мэрлерге, тийиштүү тармактардын жетекчилерине тапшырмаларды берди. Ошондой эле мында көтөрүлгөн ар бир иш жеке көзөмөлүндө болоорун кошумчалады.

Пикир

Оставить комментарий