• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Ош шаарынын мэри «Манас-Ата» МАБынын жашоочулары менен жолугушту

Аймак 0

Бишкек, 19.01.22. /Кабар/. 18-январда Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетов “Манас-Ата” муниципалдык аймактык башкармалыгынын жашоочулары менен жолугушту. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Жолугушууда жарандар бул аймактын инфраструктурасын өнүктүрүү, ички жолдордун сапаты, тротуар, үйлөрдөгү жылуулук системасын жакшыртуу, балдар аянтчаларын куруу, социалдык көмөк, үй башчыларынын иши, жүк ташуучу унаалардын мыйзамсыз токтотулушу, көп кабаттуу үйлөрдүн жана таштанды контейнерлеринин айланасына видео байкоо орнотуу, экологиялык абал жана таштандыны туура эмес жайга таштагандардын жоопкерчилик маселелерин көтөрүштү.

Шаар мэри жооптуу жетекчилерге кайрылууларды чечүү боюнча жеринде тапшырмаларды берди.

Ага улай Алмаз Мамбетов муниципалитеттин быйылкы жылга карата негизги багыттарын жергиликтүүлөргө айтып берди:

- Бул жылы тротуарларды реконструкциялоого жана курууга өзгөчө көңүл бурулат. Бул багыттагы жумуштар борбордук көчөлөрдөн башталып, калган аймактарда да улантылат.

- Биргелешип каржылоо долбоорлорунун бюджети 15 млн. сомдон 30 млн. сомго көбөйөт. Бул көп кабаттуу үйлөрдүн жашоочуларынын бир топ көйгөйлөрүн чечет.

- Көп кабаттуу үйлөрдүн айланасын тазалоо үчүн кошумча жумушчуларды алуу маселеси каралууда. Бул калк менен макулдашылып, шаардык кеңештин депутаттарынын кароосуна коюлат.

- Жарандардан түшкөн кайрылууларга ылайык тиешелүү кызматтардан күбөлүк, уруксат кагазын оңой алуу үчүн муниципалдык имарат куруу пландалууда. Тагыраагы кагаз иштеринде жашоочуларга кыйынчылык жаралбашы үчүн шаардык кызматтар, ишканалардын өкүлдөрүн бир имаратка чогултуп, бирдиктүү борбор түзүү демилгеси бар.

Пикир

Оставить комментарий