• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Ош мэри ЖМК өкүлдөрү менен болгон жолугушуудан кийин протоколдук тапшырмаларды берди

Аймак 0

Бишкек, 22.10.21. /Кабар/. Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетов жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү менен болгон жолугушуудан кийин бир катар протоколдук тапшырмаларды берди, деп билдирет мэриянын басма сөз кызматынан

Белгилей кетсек, Мамбетов 13-октябрда массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү жана активисттер менен жолугуп, бир топ суроолорго жооп берген.

Жолугушууда туристтерди тартууда шаардын инфраструктурасын өнүктүрүү программасы, жолдорду оңдоп түзөө, жол белгилерин ирэтке келтирүү, коомдук каттамдардын жол акысы, тратуарлар, коомдук жайларга ажатканаларды куруу, Ж.Мамытов атындагы эс алуу жайын реконструкциялоону колго алуу, таза суу менен камсыздоодогу кемчиликтер, мектеп, балдар бакчаларынын жетишсиздиги, балдарды жайгаштыруудагы кезек күтүүдө болуп жаткан көйгөлөр жана башка ушул сыяктуу 30га жакын суроолор, сунуштар берилген.

Иш-чарада журналисттер жана активисттер тарабынан берилген ар бир суроо протоколдоштурулуп, аткаруу мөөнөтү менен тапшырмалар берилди.

Мындан тышкары, мэр жеке көзөмөлгө алып, жеринде текшерүү иштерин жүргүзөт.

Пикир

Оставить комментарий