• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Ош мэри муниципалдык менчик башкармалыгынын ишин күчөтүү талабын койду

Аймак 0

Бишкек, 30.09.21. /Кабар/. Бүгүн, 30-сентябрда Ош шаарынын мэриясынын кезектеги коллегиялык жыйыны болуп өттү. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирет.

Жыйында Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык башкармалыгынын ишмердүүлүгү жана муниципалдык турак-жай коммуналдык башкармалыгы аткарып жаткан иштери боюнча күн тартибине эки маселе коюлду.

Мэр Алмаз Мамбетов жана коллегиялык жыйындын катышуучулары аталган кызматтар тарабынан айтылган жыл жыйынтыктарын угуп, токтом кабыл алды.

Шаар башчысы муниципалдык менчик башкармалыгы тарабынан аткарылып жаткан иштер көңүл жылытаарлык эмес деп белгиледи. Анткени салык кызматынан кийин эле жергиликтүү бюджеттин казынасын толтурууга кам көргөн ишкана болуп туруп, толук кандуу иштер жүрбөй жаткандыгына токтолду. Аны менен катар аталган ишкананын башысына катту эскертүү берип, орун басарлардын жана бөлүм башчылардын иш орунун карап, аткарып жаткан жумуштары боюнча дыкат текшерүүнү талап кылды. Мындан тышкары, муниципалдык аймактык башкармалыктар менен биргеликте мыйзамсыз курулуштарды алып салуу, өз билемдик менен турган соода түйүндөрүн болтурбоо иштерин тынымсыз жүргүзүү тапшырмасын берди.

Жыйында мыйзамсыз курулуштар менен иштеп жаткан кызматкерлердин айлык акыларын көтөрүү жаатында да сунуштар берилди.

Бейгилей кетсек, башкармалык тарабынан 8 айда жергиликтүү бюджетке пландалган акча каражатын түшүрүү 100%га аткарылган, өткөн жылга салыштырмалуу 51,9%га көп. 367 ижара келишимдери түзүлгөн. Мыйзамсыз курулуштарды алып салуу иштеринин алкагында 108 соода түйүнү, 11 даана контейнер, 279 темир гараж, 44 капиталдык курулуш, 2610 метр капиталдык курулган тосмо, 3200 метр ар түрдүү темир тосмолор, 460 прилавкалар алынган.

Пикир

Оставить комментарий