• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Ош шаарынын мэри Навои паркындагы окуядан жабыр тарткандардан кабар алды

Аймак 0

Бишкек, 15-май /Кабар/. Бүгүн, 15-майда Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев шаардын клиникалык ооруканасына барып, Навои паркындагы окуядан жабыр таркандардын абалынан кабар алды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалымат боюнча, Айтмамат Кадырбаев, жабыр тарткандарга тез айыгып кетүүнү каалап, окуя жеке көзөмөлүндө экенин билдирди.

Ошондой эле, кырсыктын себептерин текшерүү үчүн Ош шаарынын мэриясында атайын комиссия түзүлдү. Айтмамат Кадырбаевдин тапшырмасы менен шаардагы бардык парктардын аттракциондорунун техникалык абалы, коопсуздугу атайын текшерүүдөн өтөт.

Эске салсак, кечээ 14-майда саат 17:30 чамасында Ош шаарынын Навои атындагы эс алуу багында жайгашкан каруселдердин бири кулап түшкөн. Тез жардам кызматынын маалыматына караганда окуядан кийин 7 адамга биринчи медициналык жардам көрсөтүлүп, үч адам ооруканага жаткырылган.
Навои атындагы парк 2016-жылдан бери "Балдар келечеги" жоопкерчилиги чектелген коомуна ижарага берилген. Түзүлгөн келишимдин негизинде , архитектуралык курулуш, экология, санитардык эреже, өрткө каршы күрөшүү, аттракциондордун абалын көзөмөлдөө жоопкерчилиги чектелген коомго милдеттендирилген.

Пикир

Оставить комментарий