• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Ош шаарынын мэри Сарыбашов журналисттерди куттуктады

Аймак 0

Бишкек, 07.11.19. /Кабар/. Күн мурун Ош шаарынын мэриясында 7-ноябрь - Маалымат жана басма сөз күнүнө карата майрамдык иш-чара болуп өттү. Ага шаар мэри Таалайбек Сарыбашов жана Оштогу жалпы массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү катышты. Шаар башчысы Таалайбек Сарыбашов массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү коомдун күзгүсү экендигин белгилеп, куттуктоо сөзүн айтып өттү.

“Мамлекеттик жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен биргеликте аймактарды өнүктүрүүгө кошкон салымыңыздар зор. Калемиңиздер курчуп, коомчулукка эмгек кылып жүрө бериңиздер. Адилеттүүлүктү талап кылган оор жумушуңуздардын акыбети кайтсын”, - деди Т.Сарыбашов.

Иш-чаранын жүрүшүндө, шаар мэри Ош шаарынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө кошкон бараандуу салымы, мэриянын коомдук-саясий ишмердүүлүгүн коомчулукка активдүү чагылдырууну уюштургандыгы жана ак ниет эмгеги үчүн, 7-ноябрь-КРнын маалымат жана басма сөз күнүнө карата Ош шаардындагы бир катар ММКнын өкүлдөрүнө мэриянын Ардак грамоталарын жана акчалай сыйлыктарын тапшырды.

Айта кетсек, 1924-жылы 7-ноябрь күнү туңгуч кыргыз тилдүү “Эркин-Тоо” гезити (азыркы “Кыргыз туусу”) чыга баштаган. Бул дата жалпыга маалымдоо каражаттарынын, радио жана телеберүүнүн, басмакананын бардык кызматкерлеринин кесиптик майрамы катары 1993-жылдын 1-ноябрында кыргыз өкмөтүнүн атайын токтому менен бекитилген.

Пикир

Оставить комментарий