• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Ош шаарынын мэри шаардыктар менен жолугушуусун баштады

Аймак 0

Бишкек, 13.01.22. /Кабар/. Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетов 2022-жылдын бюджетин бекитүүгө чейин ар бир муниципалдык аймактык башкармалыктарга барып, жашоочулардын үнүн угуп чыгат, - деп билдирет мэриянын басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, алгачкы жолугушуу 12-январда Курманжан датка аймактык башкармалыгында өтүп, ага тийиштүү жетекчилер, 200гө жакын тургундар катышты.

Алгач 2021-жылда аталган башкармалыкта аткарылган жумуштар боюнча отчет берилди. Шаар башчы жергиликтүүлөрдүн көйгөйүн угуп, жолугушуу суроо-жооп иретинде улантылды.

Курманжан датка муниципалдык аймактык башкармалыгында ички жолдордун абалы начар экени, көп кабаттуу үйлөрдүн арасындагы жолдордун сапаты, балдар аянтчаларынын жетишсиздиги, тротуарлардын жоктугу, мектептердеги спорт зал, жылуулук, тазалык, канализация маселелери айтылды.

Алмаз Мамбетов бул жылы тротуарларды курууга өзгөчө басым жасала турганын билдирди. Алдыда мында айтылган айрым проблемаларды шаар казынасынын абалына жараша чечүү аракети көрүлөт. Ал эми кээ бир көйгөйлөрдү мэрия менен жашоочулар биргеликте жөнгө салуу демилгеси да көтөрүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий