• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Ош шаарынын мэри сот системасында иштеген кызматкерлерди куттуктады

Аймак 0

Бишкек, 05.03.20. /Кабар/. Бүгүн, 5-мартта Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов сот системасынын кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктап, мэриянын ардак громаталарын жана алкыш баракчаларын тапшырды. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Шаар мэри кылмыштуулук, коррупция менен күрөшүүдө жана өлкөнүн өнүгүүсүнө соттордун адилеттүүлүгү зор салым кошо тургандыгын билдирди.

КРнын Сот системасынын кызматкерлеринин күнүнө арналган жыйынга өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Узарбек Жылкыбаев, Ош шаардык кеңешинин төрагасы Ж. Ормонов, укук коргоо органдарынын башчылары, соттор жана сот тармагында иштеген кызматкерлер катышты.

Пикир

Оставить комментарий