• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Ош шаарынын мэри: Спортчу кылмыштуулукка эмес, мамлекеттин намысына жараш керек

Аймак 0

Бишкек, 17.09.18. /Кабар/. Ош шаарынын мэри Т. Сарыбашов кылмыштуулукка каршы жыйын куруп, кылмышкерлерге каршы натыйжалуу күрөшүүнү тапшырды. Жыйынга милициянын, УКМКнын, Каржы полициясынын, прокуратуранын, мэриянын жана спорт комитетинин тиешелүү жетекчилери катышты. Негизги маселе катары “Азаттык” тарабынан даярдалган “Бандиттер байырлаган Ош” атайын иликтөөсү боюнча сөз болуп, орган кызматкерлеринен маалыматтар алынды.

Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдиргендей, мэр шаардагы ар бир спортзал көзөмөлгө алынып, спортчулар кылмыштарга аралашпашы үчүн алдын алуу иштерин жүргүзүү керектигин айтты.

“Коррупция, кылмыштуулук менен күрөшүүнү ар бир Ош шаарынын тургуну сезиши керек. Бандиттер эмес, мыйзам менен бийлик башкарат. Спортчу кылмыштуулукка эмес, мамлекеттин намысына жараш керек. Ал үчүн жаштарды колдоп, спортчуларга туура багыт бериш зарыл”,-деди калаа башчысы.

Пикир

Оставить комментарий