• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Ош шаарынын мэри Сулайман-Тоо МАБдын жашоочулары менен жолугушту

Аймак 0

Бишкек, 27.01.23. /Кабар/. Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов Сулайман-Тоо муниципалдык аймактык башкармалыгынын (МАБ) жашоочулары менен жолугушту.

Шаардык мэриянын басма сөз кызматынан билдиришкендей, жыйындын жүрүшүндө МАБ жетекчиси Эмил Караев 2022-жыл ичинде аткарылган иштер боюнча маалымат берди.

Жолугушууда тургундар суроолорун берип, көйгөйлөрүн калаа башчыга жеткиришти. Айрыкча, жарандарга ыңгайсыздыктарды жаратып жаткан башаламан көмүр сатуучу пункттар боюнча кайрылышты. Бакытбек Жетигенов көчө боюндагы көмүр сатууну тартипке келтирүү боюнча тиешелүү кызматтарга тапшырма бериле турганын билдирди.

Ошондой эле квартал ичиндеги жолдорду асфальттоо, канализациялык системаларды реконструкциялоодон кийин жолдорду оңдоо, коомдук транспорттун ишин жакшыртуу, мыйзамсыз объектилерди жана гараждарды демонтаждоодон кийин таштандыларды чыгаруу боюнча маселелер көтөрүлдү.

Шаар мэри Достук кичи районунун көчөлөрүндөгү жолдорду асфальттоо иштерин бул жылдын бюджетинин долбооруна киргизүүнү тапшырды.

Мындан тышкары жер тилкеси боюнча талаш-тартыштарды чечүү, Тешик-Таш кичи базарын нормага келтирүү, ФАПтын иши, жаңы курулуштар боюнча маселелер, арыктарды орнотуу тууралуу суроолор көтөрүлдү.

Мэр тургундардын кайрылууларына ылайык, Ош шаарынын мэриясы тарабынан 1-Май көчөсүнө орнотуу үчүн керектүү электр мамылары бөлүнө турганын баса белгиледи.

Жыйындын соңунда шаардык мекеме-ишканалардын жана муниципалдык кызматтардын бир катар жетекчилерине жарандардын көйгөйлөрүн жеринде чечүү боюнча тапшырмалар берилди.

Пикир

Оставить комментарий