• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Ош шаарынын мэри түрдүү көйгөйлөр менен кайрылган жарандарды кабыл алды

Аймак 0

Бишкек, 15.03.22. /Кабар/. Бүгүн, 15-март күнү Ош шаарынын мэриясында жеке маселелер боюнча жарандарды кабыл алуу болуп өттү. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, шаар тургундарын мэр Алмаз Мамбетов мэриянын бөлүм башчылары жана мекеме-ишканалардын жетекчилери, муниципалдык аймактык башкармалыктардын жетекчилери менен бирге кабыл алды.

Ар бир кайрылууга толук жооптор берилди. Бир катар маселелер боюнча тиешелүү кызматтардын жана бөлүмдөрдүн жетекчилерине жеринде чечүү тапшырмасы берилди.

Пикир

Оставить комментарий