• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов добуш берди

Шайлоо 2023 0

Бишкек, 11.04.21. /Кабар/. Бүгүн, 11-апрелде Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов шаардагы №5555 шайлоо участкасында добуш берди. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, шаар башчысы референдум жана жергиликтүү шайлоо өткөрүүгө бардык шайлоо тилкелери даярдалып, партияларга бирдей шарт түзүлгөнүн билдирди.

“Президентибиздин жарлыгы чыкканда эле жергиликтүү бийлик шайлоо өткөрүүгө даярдана баштаганбыз. Үгүт иштеринде бардык партияларга бирдей шарт түзүлдү. Бүгүнкү күндө бардык шайлоо участкаларында коопсуздук, санитардык талаптар сакталган. Тиешелүү кызматтар күчөтүлгөн тартипте иш алып барып жатат. Генераторлор менен 78 участка толук камсыз болду. Интернет байланышы менен да толук камсыз болгон. Өзүңүздөр көрүп тургандай 78 шайлоо участканын кире бериштерине атайын дезинфекциялоочу килемчелер салынып, шайлоочулардын социалдык аралыгын сактоо үчүн жерге ленталар чапталды. Шаардык шайлоо комиссиясы аркылуу шайлоочуларга жетиштүү санда беткап, кол каптар жана антисептиктер менен камсыз кылынды. Шайлоочуларды кайдыгер карабай жүрөккө жакын, шаардын, мамлекеттин келечегине, өсүп- өнүгүшүнө салым кошот деген талапкерлери бар партияга добуш берип, жарандык милдетин аткарууга чакырам”, - деди мэр Сарыбашов.

Ош шаары боюнча жалпысынан 78 шайлоо участкасында 151 миңден ашуун шайлоочу бар.

Пикир

Оставить комментарий