• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Ош шаарынын мэри таза сууну максаттуу пайдаланууга чакырды

Аймак 0

Ош, 24.05.18. /Кабар/. Жаз айынын башында Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаевдин эл менен болгон жолугушуусунда Жибек-Жолу аймактык кеңешинин жашоочуларынан айрым жерлерде таза суунун дебити жетбей жаткандыгы боюнча кат келип түшкөн. Ош шаардык суу канал ишканасы бул кайрылуу боюнча иликтөөлөрдү жүргүзүп, 23-май күнү Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев менен биргеликте барып, Ош облустар аралык клиникасы жана “Ак-Каркыра” балдар бакчасынын жетекчилигине түшүндүрүү иштерин жүргүзүп кайтышты.

Шаар башчысы Айтмамат Кадырбаев таза сууну максаттуу колдонуп, ичүү үчүн гана иштетсек анда дебит боюнча маселе болбой тургандыгын билдирип, аймактык кеңештин төрагасына, оорукананын, балдар бакчасынын жетекчилерине, тийиштүү мекемелердин кызматкерлерине тапшырма берди. Ошондой эле, бак дарактарды сугаруу үчүн ичүүчү таза сууну эмес, арык казып, ошондон келген сууну колдонууга чакырды.

Пикир

Оставить комментарий